• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Маулен Ашимбаев Сенат төрагасы кызматынан алынды

25 Үчтүн айы 2023 15:31 Бишкек Govori.TV

24-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Маулен Ашимбаевди Сенат төрагасы кызматынан алды. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлаганын 24KG жазды.

Маулен Ашимбаев бул кызматка 2020-жылы май айында дайындалган. Ал кезде президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп иштеп жаткан Ашимбаев Сенат төрайымы Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин мандат алып келген.

Токаевдин 24-январдагы жарлыгы менен Маулен Ашимбаев баштаган дагы үч эл өкүлү кайрадан депутат болуп дайындалды. Мындан тышкары тогуз депутаттын ыйгарым укуктары токтотулуп, Сенатка жаңы келген төрт жаран депутаттык мандат алды. Алардын арасында Жогорку соттун мурдагы башчысы Жакип Асанов да бар.

Казакстанда Сенат депутаттарын шайлоо 14-январда өткөн. Анда өлкөнүн 17 облусунан, ошондой эле Астана, Алматы жана Чымкент шаарларынан 20 депутат тандалган. Бул шайлоого жалпысынан 130 жаран талапкерлигин коюп, БШК алардын 55ин каттаган. Сенатка кыйыр шайлоо салттуу түрдө өттү: жаңы эл өкүлдөрүн тандоочулардын тизмесине кирген үч миңден ашык жергиликтүү маслихат депутаттары шайлады.

Количество просмотров: 77