Түркияда өлкөдө жашаган түрк тектүү чет элдиктердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу президенттин жарлыгы күчүнө кирди. Бул тууралуу ТРТ басылмасы билдирет.
Президент Режеп Тайип Эрдогандын жарлыгы менен Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жарандары Түркияда мындан ары чет элдик деп эсептелбейт.
Жаңы мыйзам түрк өлкөлөрүнүн жарандары үчүн жумушка орношууну жана ишкердик кылууну жеңилдетет — аларга мындан ары жарандык алуу же татаал иштөөгө уруксат алуунун кереги жок.
Документ аларга куралдуу күчтөрдө жана коопсуздук структураларында кызмат өтөөдөн тышкары, мамлекеттик жана жеке мекемелерде эркин иштөөгө жана кол өнөрчүлүк менен алектенүүгө мүмкүндүк берет.
Түрк тектүү чет элдиктер түрк мыйзамдарында белгиленген кесиптик талаптарды сактоо менен эмгек ишмердүүлүгүнө уруксат алышат. Уруксат берүү жөнүндө чечимди Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги Ички иштер жана Тышкы иштер министрликтеринин пикирин эске алуу менен кабыл алат.
Уруксат алган чет элдиктер Түркиянын жарандары менен тең укукта кесиптик бирикмелерде катталууга милдеттүү жана шайлоого катышуу жана шайлануу мүмкүнчүлүгүнөн тышкары, башка бардык укуктарынан пайдаланышат.
Мыйзам ошондой эле мындай адамдарды өлкөдө жашоо жана иштөө үчүн түрк жарандыгына ээ болуу талабынан бошотот, бирок алар үчүн саясий укуктарды жокко чыгарат. Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү министрликтерге жүктөлөт, ал эми аны колдонуу тартиби президенттин токтому менен аныкталат.