Медкызматкерлерге кошумча төлөмдүн өлчөмүн жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.
«Медицина кызматкерлери өзүнүн ден соолугун тобокелдикке салып, башка адамдын саламаттыгын сактоо, аны калыбына келтирүү жана чыңдоонун үстүндө жан дили менен алектенүү – бул эң жогорку гумандуулук! Сиздерге башыбызды ийип таазим этебиз»,- деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.
Анын айтымында, азыркы учурда Өкмөт медицина кызматкерлеринин айлык маяналарына кошумча төлөмдүн өлчөмүн жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат.