• Дүйшөмбү 20 Аяк оона 2021

Пандемияда каза болгон медиктерге арналып эстелик орнотулат

24 августа 2021 в 18:57 Бишкек Govori.TV

COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө каза болгон медицина кызматкерлерине арналган эстелик Бишкектин Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн тушуна коюлат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынын өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө каза болгон алдыңкы катардагы дарыгерлердин урматына мемориал орнотуу маселеси талкууланды.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, дарыгерлердин, медайымдардын жана санитарлардын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу, кесиптик милдетин аткарууда өмүрүн берген ден соолук сакчылары коркунучтуу инфекция менен күрөшүүдө жан аябаган эрдиги түбөлүккө сакталат.

Талкуулоонун жана тиешелүү документтерди кароонун натыйжасында Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн тушуна, тагыраагы И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын борбордук аллеясындагы музейдин жанына мемориал орнотуу чечими кабыл алынды.

Количество просмотров: 76