• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Медреседе сабалган өспүрүм. Муфтият эмне дейт?

22 Бирдин айы 2023 9:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Ошто медреседе сабалган 12 жаштагы баланын окуясына байланыштуу расмий билдирүү жасады.

Муфтияттын маалыматы боюнча, аталган окуянын айланасында ички териштирүү иши жүрүп жатат. Бала сабалды делген Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Рауза атындагы медресе муфтияттын карамагында жок.

«Окуя диний объектиде болгон делген маалымат чындыкка дал келбейт. Жарандарды, журналисттерди жана блогерлерди такталган маалыматтарды гана бөлүшүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 116