• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Медресесинин жатаканасынан чыккан өрт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды

9 Аяк оона 2019 12:18 Бишкек Govori.TV

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Панфилов районунун Тельман айылында жайгашкан «Ак-Тилек» медресесинин жатаканасынан чыккан өрт боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-сентябрда Панфилов райондук милициясына Тельман айылындагы билим берүү мекемелеринин биринен өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге тергөө тобу барган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «өрт коопсуздугун сактабагандык» деген берене менен катталды.

Количество просмотров: 109