• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

“Мегакомго” сатып алуучу чыкпай жатат

17 Үчтүн айы 2023 15:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-январдагы Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Мегаком»компаниясы болжол менен 12, 13 миллиард сомго бааланып жатканын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.


Буга чейин, 2019-жылы Mega 19 миллиард сомго бааланган, андан кийин баасы 14 миллиардга чейин төмөндөгөн, бирок ушул күнгө чейин сатып алуучу чыккан эмес. Өткөн жылдын декабрь айында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду MEGA уюлдук операторун баалоо үчүн кайрадан тендер жарыялаган. Арыз 2023-жылдын 9-январына чейин кабыл алынат. Мамлекеттик мүлк фонду кызмат көрсөтүү үчүн 7,8 миллион сом төлөөгө даяр. Ноябрь айынан бери фонд баалоочуларды издөөдө.

Количество просмотров: 176