• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Иликтөө: «Мегакомду» Максим Бакиевдин жакындары башкарууну көздөп жатышат

30 Жалган куран 2023 9:17 Бишкек Govori.TV

“ПолитКлиника” медиасы 100% акциясы менен Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында турган “Альфа Телеком” жабык акционердик коомун (Мегаком) менчиктештирүүнүн артында Максим Бакиевдин жакын адамдары тургандыгын аныктап чыгышты.

Төмөндө иликтөөнү толугу менен беребиз:

Өз саан уюңду мал базарга алып чыгып, кайра өзүң сатып алганың логикага сыябы? Албетте, жок. “Мегаком” компаниясынын сатыкка коюлуп, бирок кайра эле мамлекеттик банк сатып алары мына ушул эле көрүнүштү элестетип жатат. Биз бул даярдалып жаткан сатып алуунун артында кандай сырлар жатканын чечмелегенге аракет кылабыз.

Кыргыз өкмөтү 2023-2025-жылдарга КРнын мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы сунушталып, учурда Жогорку Кеңеште каралууда.

Анын ичинде “Альфа Телеком” (Мегаком) компаниясы толугу менен, “Кыргыз инвестициялык кредиттик банкындагы» мамлекеттин акциялары дагы сатыкка даярдалууда. 

“ПолитКлиника” медиасынын журналисттери “Мегакомду” менчиктештирүүнүн артында Максим Бакиевдин жакын адамдары тургандыгын аныктап чыгышты. 

“Мегаком”,  Андросик Владимир, Максим Бакиев… 

Учурда “Альфа Телеком” жабык акционердик коому 100% акциясы менен Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында турат. Компания Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын алкагында жаңы түзүлгөн Мамлекеттик өнүктүрүү банкына бериле тургандыгы белгилүү болду.  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун буга чейинки жетекчиси Мирлан Бакировдун айтымында, компания болжолдуу 12 млрд сомго бааланууда. 

Божомол баа 12-13 млрд сом. Түшкөн акча мамлекеттик бюджетке которулат”, — дейт Мирлан Бакиров

Бирок, депутат Исхак Масалиев бул сатууда мамлекеттик бюджетке бир дагы сом түшпөй тургандыгын айтты. 

Масалиевдин айтканына таянсак, чындыгында эле бул сатууда мамлекеттин бюджетине бир дагы сом каражат түшпөйт, болгону, “Мегакомдун” башкаруусу Мамлекеттик өнүктүрүү банкына берилет. 

Бул окуянын чоо-жайын түшүнүү үчүн “Мегакомдун” тарыхынын карап көрөлү. 

Башында “Мегакомду” “БиМоКом ЛТД” компаниясы 1999-жылы  негиздеген. Бул компаниянын ээси Улан Байызбеков болгон. 2003-жылы Улан Байызбеков компаниясын Тилек Бийбосунов менен Ancroft Limited компаниясына саткан. Бул компаниянын артында ошол кездеги президенттин уулу Айдар Акаев турган.   2005-жылы бийлик алмашып кеткенден кийин БиМоКомду толугу менен Penwell Business Limited компаниясы алган.

#Иликтөө: "Мегакомду" Максим Бакиевдин жакындары башкарууну көздөп жатышат

2010-жылы Башкы прокуратура Алексей Елисеевге, Евгений Гуревичке жана башка адамдарга «БиМоКом ЛТД» ЖЧКсынын мүлкүн жана уставдык капиталындагы 51 пайыз үлүшүн мыйзамсыз ыйгарып алуу фактылары боюнча козголгон кылмыш иши аяктаганын билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 2005-жылы Penwell Business Limited компаниясы өзүнүн “Бимоком ЛТД” ЖЧКсындагы 49 пайыз үлүшүн, Максим Бакиевге тийиштүү делген Forntek Enterprises Limited’ге өткөрүп берген. Бул маалыматты ошол кезде депутат болуп турган Садыр Жапаров дагы тастыктап берген. 

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Максим Бакиевдин кол алдында иштеген Алексей Елисеев “Бимокомдун” 51 пайыздык үлүшүнө ээлик кылуу үчүн Eventis Telecom Holdings LTD компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн алмашуусуна таянып, соттук териштирүү жүргүзгөн. Анын негизинде сот тарабынан “Мегакомдун” 100 пайыз акциясы Максим Бакиевге тиешелүү компанияга өткөн.

#Иликтөө: "Мегакомду" Максим Бакиевдин жакындары башкарууну көздөп жатышат

Муну кийин Penwell Business Limited компаниясы Бакиевдер тарабынан болгон алдамчылык жана рейдерлик басып алуу деп тастыктаган. 

“Мегакомдун” 51%ына ээлик кылган Penwell Business Limited — Владимир Андросик жана Дмитрий Ивантерге тиешелүү болгон Eventis Telecom’дун алдындагы компания болчу. 2008-жылы алар Eventis Telecom’ду Глеб Огнянниковго сатып жиберишет. Жогоруда айтылгандай, бул сатып алууну Максим Бакиев өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, сот аркылуу “Бимоком” компаниясын толугу менен өзүнүн Forntek Enterprises Limited оффшордук компаниясына өткөрүп алган.

“Eventis Telecom’дун акционерлери Владимир Андросик менен Дмитрий Ивантер компаниядагы өздөрүнүн үлүшүн сатып, Максим Бакиевдин “Мегакомго” толук кандуу ээлик кылышына мүмкүнчүлүк түзүп бергенби?” деген суроо жаралат. Орусиялык бизнесмен муну “рейдердик басып алуу”  деп баалаган.

Кийин Максим Бакиев талаштардан качуу аракетин баштаган. Ага ылайык, “Бимоком” компаниясы “Ысык-Көл инвестициялык банкынан” 80 млн доллар кредит алган. Жыйынтыгында, “Бимоком” алган акчаны кайтарып бербегендигине байланыштуу сот тарабынан банктын карамагына өткөн. Банк “Бимокомду” Максим Бакиевдин жакындары ээлик кылган  «Рэддито Компани» жана «Гретага”  саткан. 

Бул жерден белгилей кетүүчү жагдай, ошол учурда “Ысык-Көл инвестициялык банкын” президент Садыр Жапаровдун эжеси Райкуль Жапарова жетектеп турган. 

Ошону менен эле бирге Алексей Елисеев “Альфа Телеком” компаниясын негиздеп, жогорудагы эки компаниянын активдерин сатып алат. 2009-жылдын 14-августунда “Бимокомдун” лицензиясы жокко чыгарылып, “Альфа Телекомдун” карамагына өткөн. Андан ары “Альфа Телеком” Елисеевдин Southfield Management Inc жана Vesatel United Limited оффшордук компанияларынын карамагына өткөн. 

Ошентип 2009-жылы Максим Бакиев Алексей Елисеев аркылуу “Мегакомго” толук ээлик кылып калган. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин “Мегаком” кайрадан талашка түшөт. Жыйынтыгында бир нече соттук териштирүүлөрдөн кийин, тагыраагы, 2014-жылы “Мегаком” толугу менен мамлекеттин карамагына өткөн. 

#Иликтөө: "Мегакомду" Максим Бакиевдин жакындары башкарууну көздөп жатышат

Андан кийин  Мамлекеттик мүлк фонду бул компанияны бир нече жолу сатууга аракет кылып, бирок майнап чыккан эмес. Учурда “Мегаком” менчиктештирүү программасынын алкагында сатыкка даярдалып, Казакстандык ТОО «ААР-Эдвайзори энд Рисерч» компаниясы тарабынан бааланып жатат. 

Шек жараткан Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тууралуу эмнелер белгилүү? 

2022-жылы 20-июлда каржы министри Алмаз Бакетаев маалымат жыйынында жакын арада Мамлекеттик өнүктүрүү банкы түзүлө тургандыгын билдирген. Министрдин айтымында, баштапкы капитал 2 миллиард сомго жакын болсо, келечекте аны 100 миллион долларга жеткирүү пландалган. 

Бул банкты түзүү боюнча 2022-жылдын 31-майында Министрлер кабинетинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомунун иши жөнүндөгү токтому чыккан. Ошентип КРнын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2022-жылы 25-июлда катталып, аны Кыргызстандын жарандыгын алган Судец Евгения Леонидовна жетектеп калган. Бул банкка Мамлекеттик мүлк фонду ээлик кылат. 

Банктын жетекчиси Евгения Судец деген ким? 

Евгения Судец уюлдук операторлорду башкаруудагы тажрыйбасы бар адам. Ал Россия Федерациясында белгилүү “Теле-2” уюлдук операторунун бир нече филиалдарында жогорку кызматтарда иштеген. Ошондой эле, ал банктык системада жогорку кызматтарды аркалаган. Анын Орусиядагы акыркы катталган кызматы — ВТБ инфраструктуралык холдингинин жетекчилиги болгон. 

2022-жылдын 18-июлунда президенттин жарлыгы менен Евгения Судец кызы Андросик Ольга менен бирге Кыргызстандын жарандыгын алышкан. Ушул эле жарлык менен Андросик Владимир Ивановичке дагы кыргыз жарандыгы берилген. Евгения Судец Владимир Андросиктин жубайы деп болжоп жатабыз. Анткени Евгениянын кызы Ольганын да фамилиясы Андросик. Судец менен Андросикти дагы башка жагдайлар дагы бириктирип турарын төмөндө дагы окуй аласыз.

Владимир Андросик деген ким? 

Жогоруда биз 2008-жылы Владимир Андросик жана Дмитрий Ивантер “Мегакомдогу” 51% үлүшүн орусиялык бизнесмен Глеб Огнянниковго сатып жибергенин айтканбыз. Ал келишимге ылайык, “Бимокомдун” акционерлеринин биринин менчиги өзгөргөн учурда анын үлүшү өнөктөшкө өткөрүлүп берилери айтылган.  

Владимир Андросик Орусияда “ВТБ” банкында жана мамлекеттик “Ростелеком” байланыш системасында эмгектенген. Биз жогоруда айткандай, ушул эле “ВТБ” банкта Евгений Судец дагы жетекчилик кызматта иштеген. 

Ал эми Владимир Андросик 2022-жылы Кыргызстанда Мурманская 56 А дарегине “Айти Капитал” ЖЧКсын негиздеген. Бул компания дагы Максим Бакиев менен байланышын тастыктап турат.

Мурманская 56, Максим Бакиев, Жаныш Бакиев, Талант Иманов, “Мегаком” — Нурлан Мамытов…

Жогоруда айтылган дарек тууралуу айта турган болсок, 2010-жылы Бакиевдерге карата бир нече эпизоддор боюнча кылмыш иштери козголгон. Алардын ичинде биз сөз кылып жаткан Мурманская 56 дарегинде жайгашкан “Кыргыз Темир” ачык акционердик коому да болгон. Кылмыш иштерине ылайык, убагында Жаныш Бакиев менен Максим Бакиев бул ишкананы тартып алышкандыгы айтылат. Андан кийин ишкананын карамагындагы темир базасы Максим Бакиевдин жакын адамы Денис Гладышевге тиешелүү “Глобал Групп” компаниясына сатылган. Бул кылмыш ишинин негизинде аталган база 2010-жылы прокуратура тарабынан камакка алынган. Бирок соттук териштирүүлөрдөн улам темир база мамлекетке өтпөй калган. Бул боюнча Өмүрбек Текебаев дагы айткан. 

Кызыгы, бул темир базасына 2010-жылдан кийин Санариптик өнүктүрүү министри Талант Имановдун жана “Мегакомдун” азыркы жетекчиси Нурлан Мамытовдун да тиешеси болгон. “Глобал Групп”  жабык акционердик коомуна эки компания ээлик кылып келген, биринчиси “Биринчи курулуш компаниясы”, экинчиси “Сэнтрал Эйша Файненшэл Партнершип” жабык акционердик коому болгон. “Сэнтрал Эйша Файненшэл Партнершип” компаниясында Талант Имановдун кол алдында иштеген Аширбекова Мавлут жана “Мегакомдун” жетекчиси Нурлан Мамытов да директорлук кызматтарда иштешкен. 

#Иликтөө: "Мегакомду" Максим Бакиевдин жакындары башкарууну көздөп жатышат

Башкача айтканда, жаңы түзүлгөн Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана анын карамагына өткөрүлүүсү пландалган “Мегаком” кайрадан эле Максим Бакиев менен байланышы бар адамдардын колуна туш болууда. Эске салсак,  “Мегаком” ишканасынан миллиондогон каражаттарды уурдаган деген айып боюнча сот чечим чыгарып, Максим Бакиев менен Денис Гладышевдер күнөөлүү деп табылган.

Биз, жогоруда аты аталган тараптардын бардыгына байланышууга аракет кылдык. Бирок, алардын ичинен бир гана Евгения Судецтен жооп ала алдык. Анын айтымында, банкты жетектөө боюнча сунуш Кыргыз өкмөтү тарабынан түшкөн.

КРнын Мамлекеттик банкына жетекчилик кылуу сунушун Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигиндеги кесиптештерим киргизишти. Бул эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон жана мен экинчи тараптын макулдугусуз ал боюнча комментарий берүүгө укугум жок деп ойлойм”, — дейт Евгения Судец

Ал эми биздин, Максим Бакиев менен байланышы жана Владимир Андросик боюнча берген суроолорубузга, анын ишмердүүлүгүнө тиешелүү эмес экиндигин, башка мекеменин жана кесиптештеринин ишмердүүлүгүнө комментарий берүү туура эмес экендигин айтат. 

Биз, бул тууралуу Өкмөттүн позициясын билүү үчүн Экономика министри Данияр Амангелдиевге, «Айти-Капитал» компаниясынын жетекчиси Владимир Андросикке дагы байланышууга аракет кылдык. Бирок, материал чыгып жаткан учурда алардан жооп ала алган жокпуз. 

Эгерде Өкмөт жана бул иликтөөдө аты аталган адамдар пикирин билдиргиси келсе, биз өз аянтчабызда мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө даярбыз. 

Автор: “ПолитКлиника”

Количество просмотров: 74