• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мейманканадан чыккан өрт түнкү 1де өчүрүлдү

17 Бугу 20219:05 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Жумабек көчөсүндө жайгашкан «Голд» мейманканасынан чыккан өрт түнкү саат 01.00гө жакын толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16-май күнү кечинде Ленин районунун Жумабек көчөсү №215 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 6 атайын техника тартылды. Ошондой эле Штаб, ыкчам топ, Газ чарба кызматынан 1 бригада, тез жардам кызматынан 2 бригада, ИИМ кызматынан 20 кызматкер, 4 экипаж тартылды»,-деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоо кечки саат 22:41де чектөөгө алынган. Жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 237