• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Мекен деп соккон жүрөгүң токтосо да элесиң көз алдыбызда түбөлүк калат!». Баткенде каза болгон аскер кызматкери жерге берилди

19 Аяк оона 2022 9:30 Бишкек Govori.TV

Б Аламүдүн районунун Константиновка айылында Баткен чек арасында шейит кеткен Какеев Мирлан Эсенгуловичтин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркум 2022-жылдын июнь айынан тартып Баткен облусундагы 707 аскер бөлүгүндө келишимдин негизинде кызмат өтөп, мекендин чек арасын коргоо милдетин аткарып жаткан.

«Жүрөгү мекен деп соккон Мирлан турмуштун оор сыноосун эрте тартты. 11 жашында жетим калып, төрт ага эки эжесинин кичүүсү болсо да турмуш эрте тарбиялады. Жайдары мүнөз, ак көңүл Мирлан бала кезинен эле мекенин коргоону кыялданып, өлкө үчүн күйгөн чыныгы патриот эле»,-деп жазылат маалыматта.

Какеев Мирлан Эсенгулович Костантиновка айылында 1988 — жылы 8-мартта жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы эле.

2006-2007 жылдары Сокулук районуна караштуу ӨКМда кызмат ишин баштап, 2021- жылдан тартып Аламүдүн районуна караштуу ӨКМда кызмат өтөгөн.

Количество просмотров: 136