Мекендешибиз 25 жаштагы Анарбек Кызы Мээргүл боорун тез арада алмаштырууга муктаж болууда. Боорду алмаштыруу үчүн Индияда операция жасатуу керек. Ал үчүн чоң суммадагы акча зарыл.
Азыр анын боорун алмаштырбаса болбойт. Күндөн-күнгө абалы оор. Операциянын өзүнө эле 35 миң долларга жакын акча керектелет экен.
Учурда Мээргүлдүн абалы оор. Чачы түшүп, денеси шишип тамак да жей албай калган. Ал эми дарыгерлер 1 айдай гана өмүрү калганын айтышат.
Андыктан кайрымдуу жарандардан жардам күтөт. Эгерде акча топтолсо эле операция жасатуу үчүн Индияга кетмекмин дейт.
Жардам берүүнү каалагандар төмөнкү телефондого чалып байланышсаңыздар болот.