• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Мекке менен Мединанын көчөлөрү суу ташкынында калды

7 Үчтүн айы 202517:27 Бишкек Govori.TV

Сауд Арабиясын күчтүү суу ташкыны каптады.

Бул өлкөдө катуу жааган жаан жана шторм Мекке жана Медина сыяктуу ыйык шаарлардын көчөлөрүн суу алдында калтырды. Катуу жааган жаандан кийин жолдор дарыяга айланып, суу ташкыны унааларды алып кетти.

Эл аралык медиа Сауд Арабиясы Мекке, Медина жана порт шаар болгон Жидда үчүн коркунуч кызыл деңгээлде экендигин жарыялады. Суу ташкыны көчөлөрдү гана эмес, айылдарды да алып кетти.

Катуу жаан жана суу ташкыны Персид кысыгындагы өлкөлөр үчүн сейрек көрүнүш эместиги айтылып, шаарлардын көчөлөрүнүн дарыяларга айланышы канализациянын жана дренаждын начардыгынан болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Мындан тышкары, тез өнүгүүнүн айынан улам, табияттын мындай көрүнүштөрү эске алынбай калганы да азыркы абалдын себеби болушу ыктымал.

Количество просмотров: 816