• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Меккеде ысыктан каза болгондордун саны 900дөн ашты

20 Кулжа 202416:25 Бишкек Govori.TV

Акыркы маалыматтарга ылайык, катуу ысыктан улам Сауд Арабиясынын Мекке шаарында каза болгон зыяратчылардын саны 922ге жетти. Бул тууралуу Франс-Пресс (AFP) агенттиги кабарлады.

Адамдардын өлүмүнө абанын температурасы көлөкөдө +50 грудастан ашканы себеп болгон.

Араб дипломаттарынын бири AFP агенттигине каза болгон египеттиктердин эле саны 600гө жеткенин билдирди.

Сауд Арабиянын Саламаттык сактоо министрлиги зыяратчыларга күндүн түздөн-түз таасиринен алыс болуу, көбүрөөк суусундук ичүү жана түшкүсүн болушунча көбүрөөк үйдө болуу кеңештерин берүүдө.

Количество просмотров: 999