• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

 «Мыйзамсыз ажылык уюштуруу» шеги менен турфирманын жетекчиси кармалды

27 Жетинин айы 2023 9:04 Бишкек Govori.TV

Казакстанда Zam Zam Qazaqstan туристтик компаниясынын башчысы «мыйзамсыз ажылык сапар уюштуруу боюнча» алдамчылык схема түзгөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

«ИИМдин тергөө департаменти тарабынан ажылык сапар уюштуруу тармагындагы алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында Zam Zam Qazaqstan туристтик компаниясынын жетекчиси Сауд Арабиясына мыйзамсыз ажылык сапарын уюштурганы аныкталды. Аталган компания зыяратчыларга берилип жаткан визаларды мыйзамдуу көрсөтүү үчүн Сауд Арабиясынын мамлекеттик органынын расмий сайтына окшош сайт түзгөнү аныкталды», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

ИИМдин маалыматына караганда, туристтик компаниянын жетекчиси 22-ноябрда тергөө абагына камалды. Билдирүүдө анын аты-жөнү айтылган эмес.

Zam Zam Qazaqstan Instagram’дагы баракчасы аркылуу компания өз ишмердүүлүгүн токтотконун жарыялап, буга директору Данияр Илиевдин кармалганы себеп болгонун жазды.

Быйыл жайында Мекке шаарына ажылыкка барган 120 казакстандык депортация болуу коркунучуна кептелген. Жыйынтыгында алар Казакстанга өз алдынча авиабилет сатып алып келүүгө аргасыз болушканын билдиришкен.

Казакстандын Мусулмандар дин башкармалыгы аталган сапарды уюштурган фирма алардан расмий уруксат албаганын жана ажылык үчүн квота бөлүнгөн компаниялардын тизмесинде болбогонун билдирген. Анда компаниянын жетекчиси Данияр Илиев муфтият аларга зыяратчыларды жөнөтүүгө бейрасмий түрдө уруксат бергенин билдирген.

«Биз ажылык үчүн визаны муфтияттагы кишилерден алганбыз. Бул үчүн биз акча бергенбиз, бизде видео жана аудио далилдер бар», – деген Илиев 29-июнда.

Количество просмотров: 277