• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майда Меккеге аттанат

21 Чын куран 202614:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майда Меккеге аттанат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтияттан эскертишкендей, ыйык сапарга чыккан ар бир зыяратчы үчүн Сауд Аравияга кирүүдө тартипти сактоо абдан маанилүү. Бул эрежелерди кармануу сапарды жеңилдетип, убакытты үнөмдөйт.

«Зыяратчылар үчүн эң маанилүү нерселердин бири – Nusuk картасы (бейжик). Бул картасыз Меккеге жана ыйык жерлерге кирүүгө мүмкүн эмес. Ошондой эле ал негизги кызматтарга жетүүнү камсыз кылат», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аталган карта ажылыкты уюштуруу штабы (ажы башчысы) тарабынан берилет.

Эскерте кетсек, Сауд Аравиясы быйылкы ажылыкка кыргызстандыктар үчүн 6060 квота бөлгөн.

Количество просмотров: 108