Табаско штатында (Мексика) 48 жүргүнчүсү бар автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышып, кырсыктан кийин өрт чыккан. CNN кырсыкта 41 адам каза болгонун жазды.
«48 адам бар автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышып, 38 жүргүнчү жана эки айдоочу каза болду», — деп айтылат маалыматта.
Reuters агенттигинин сүрөттөрү кагылышуудан кийин автобустун толугу менен күйүп кеткенин жана темир каркастын калдыктарын гана көрсөткөн.