• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Мексикада барымтага алынган жети өзбекстандык бошотулду

13 Бештин айы 2022 16:54 Бишкек Govori.TV

El Siglo de Torreon басылмасы мексика полициясы барымтага алынган өзбекстандык жети кишини бошотконун кабарлады. Алардын бешөө эркек, бири аял жана дагы бири өспүрүм бала.

Маалыматка караганда, Төмөнкү Калифорнияга автобус менен бараткан өзбекстандыктар Мексиканын Гомес-Паласио фермаларынын биринде тыныгууга токтошкон. Бул жерден өзбекстандыктар АКШга багыт алмак. Бирок аларды фермада барымтага алып, 1200 доллар төлөөнү талап кылышкан.

Өзбекстандыктарда мындай суммадагы акча жок болгондуктан, алар фермада кармалган. Бул жөнүндө маалымат алган полиция окуя болгон жерге барып, өзбекстандыктарды бошоткон.

Өзбекстандын бошотулган жарандары Миграция улуттук институтуна жөнөтүлдү. Өзбек бийлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 868