Бул тууралуу коомдук ишмер Ассол Молдакматова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анда Мексиканын Канкун шаарынан Жаныбек видео тартып, өз абалы тууралуу билдирген.
Жаныбек Жакыпов жакындары менен байланышып, азыр абалы жакшы бирок алсыз экенин билдирген. Ал видеодо акыркы жарым жыл ал үчүн абдан оор болгонун, анын кесепети ден соолугуна тийгенин, акыры эс-учун жоготуп, андан ары жеке клиникага түшкөнүн айткан.
Ассол Молдакматованын айтымында, акыркы жарым жылда Жаныбек бир нече жерде иштеп энесинин дарылануусун камсыздап турган.
Жаныбек Жакыповду издешүүдө Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтери, консулдуктары абдан чоң жардам беришкен. Айрыкча Тышкы иштер министрлиги, министрдин орун басары Алмаз Имангазиев жана ТИМ Консулдук кызматынын директорунун орун басары Бакыт Кадыров издөөнү баштан аяк координациялап турушкан. А. Молдакматова алардын бардыгына ыраазычылык билдирген.