• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мексикада мындан ары коомдук жайларда жыныстык катнашка баргандарга тыюу салынбайт

23 Баш оона 2018 10:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.08.2018. Govori.TV
Мексиканын Гвадахалара шаарында коомдук жайларда жыныстык катнашка барууга уруксат берилди. Бул туурасында Америкалык «NBC Washington» маалымат агенттиги жазып чыкты.
Мексиканын шаардык бийлигинин кабыл алган мыйзамына ылайык, коомдук жайларда, унаа ичинде, сейил бактарында жыныстык катнашка барып жаткан жарандарга полиция кызматкерлери кармоого жана айып пул салууга укуктары жок.
Бирок, айрым шаар тургундары бул мыйзамга каршы чыгышты. Анткени, элдин көзүнчө жыныстык катнашка баруу биринчиден этикага туура келбейт, экинчиден педофилдерге көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет дешкен.
Ал эми шаардык өкмөт полиция кызматкерлери мейманканага барууга акчасы жок адамдардын тынчын алгандын ордуна, кылмыштуулук менен күрөшүүсү керек деп эсептейт.
Количество просмотров: 3