• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Талаадагы эркектердин жыныстык катнашы…

21 Үчтүн айы 2019 9:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV

Ысык-Ата райондук соту 2-курстун студенти Даниярга (ысымы өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш ишти карап чыгып, чечим кабыл алды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Даниярга тагылган айып

Ысык-Ата районундагы талаада 2016-жылдын июнь айында Данияр менен 2000-жылы туулган Айдин (ысымы өзгөртүлдү) мал жайып жүрүшкөн. Ошол учурда Данияр Айдиндин алсыздыгынан (акыл-эсинен жабыркаган) пайдаланып, сексуалдык каалоосун канааттандыруу үчүн физикалык күч колдонуп, жыныстык катнашка барган. Айдинге карата мындай көрүнүш 2017-жылдын июль, сентябрь жана ноябрь айларында да кайталанган. Ошондой эле 2018-жылдын 17-июнунда Данияр алкоголдук ичимдик ичип, Ысык-Ата районундагы айылдардын бириндеги талаада Айдинге күч колдонуу менен жыныстык катнашка барган.

Даниярдын көрсөтмөсү

Ал эми айыпталуучу отурумда жабырлануучуга күч колдонбогонун, бардыгы эки тараптын макулдугу менен болгонун айтты. Анын айтымында, экөөнүн ортосунда эң алгачкы жолу жыныстык байланыш 2016-жылдын июнь айында эки айылдын ортосундагы талаада болгон. Алардын жанында Адыл (ысымы өзгөртүлдү) аттуу таанышы да бар болчу, алар карта ойношкон. Ал жерден Адыл кеткенден кийин Данияр менен Айдин оюнду улантып, ким утулса кийимдерин чечип, жыныстык катнашка шарт түзө турганы тууралуу келишим түзүшкөн.

Мындай окуя экинчи жолу 2017-жылы жайында талаада май жайып жүргөндө болгон. Анда экөө биринчи жолку жыныстык катнашты эскеришкен. Бул жолу Данияр Айдинге сунуштап, экөөнө тең жаккандыктан макул болгон. Ал эми үчүнчү жолу 2017-жылдын июль айында кайрадан мал жайып жүргөн учурда экөөнүн макулдашуусу менен кайталанган.

Алардын жолугушуусу 2017-жылы күзүндө кайталанып, андан кийин 2018-жылдын 17-июлунда да жыныстык катнашка барышкан. Айыпталуучунун айтымында, ал күнү саат 21:00 чамасында Айдин жана достору менен көчөдөн жолугушкан. Алар сүйлөшүп отурушуп, Данияр сыра ичкен. Бир аз убакыттан кийин достору тарап кетип, ал жерде Данияр менен Айдин гана калышкан. Ошол жерден Данияр жыныстык катнашты сунуштап, Айдин ага макул болгон.

Даниярдын айтымында, Айдинди мажбурлаган эмес жана коркутуп-үркүтүү болгон эмес. Ошондой эле ал Айдин акыл-эсинен жабыркаганынан кабары жок болчу.

Жабырлануучу — Айдиндин көрсөтмөсү

Ал эми жабырлануучунун айтымында, 2016-жылдын июнь айында Данияр арт тарабынан жыныстык катнашта болууну сунуштап, ал макул болгон. Андан кийин 2017-жылдын июль, сентябрь, ноябрь айларында Данияр аны күч колдонуп, коркутуу жолу менен байланышта болууга мажбурлаган.

2018-жылдын 17-июнунда саат 23:00 чамасында Айдин классташтары менен отурган жерге Данияр барып, аларга сыра сатып келүүнү буюрган. Алар сыра сатып келгенден кийин бардыгын таратып, ал жерде экөө гана калган. Аларга Бектур (ысымы өзгөртүлдү) аттуу жигит кошулуп, Данияр ээн жерге барууну сунуштаган. Ал жерден Бектур менен Данияр бирге сыра ичишип, андан кийин Бектур үйүнө кеткен. Бул учурда Айдин жерде жатып алып, уюлдук телефонунан порно көрүп жаткан. Анын жанына келген Данияр шымын чечүүнү талап кылганда баш тартып, ага Данияр 1-2 жолу кол көтөргөн. Буга чейин аны зордуктаганын досторуна жая турганын айтып коркуткан Данияр ошол жерден зордуктаган.

Андан кийин Даниярдын ата-энеси бул окуя анын каалоосу менен болгону тууралуу арыз жазууну Айдинден талап кылышкан. Алардан корккондуктан 2 күн үйүндө түнөбөй, алгачкы көрсөтмөсүндө жыныстык катнаш экөөнүн тең каалоосу менен болгону тууралуу калп айткан.

Жыйынтыгында сот Даниярды күнөөлүү деп таап, 16 жылга эркиндигинен ажыратты. Ал жазасын түзөтүү абагында күчөтүлгөн режимде өтөмөй болду

Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 74