АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп жекшемби күнү президенттигинин биринчи күнүндө “трансгендердик жиндиликти токтотууга” убада берди, анткени республикачылар Конгресстин эки палатасы менен Ак үйдү көзөмөлдөп турушат, деп билдирет Америка үнү.
«Мен балдарды сексуалдык жактан кыйноону токтотуу, аскерде жана башталгыч, орто жана жогорку мектептерде трансгендердик саясатты токтотуу боюнча буйрукка кол коем», — деди шайланган президент Феникстеги (Аризона штаты) жаш консерваторлор үчүн иш-чарада.
Ал ошондой эле «эркектерди аялдардын спортуна катыштырбоого» убада берип, «АКШ өкмөтү расмий түрдө эки гана жынысты, эркек жана аялды тааный турганын» кошумчалады.
AP VoteCast сурамжылоосуна ылайык, АКШнын 120 000ден ашуун тургуну трансгендерлердин укуктарын мамлекеттик колдоо жана аларды коомчулук тарабынан кабыл алуу чектен ашты деп эсептешет. Алардын көбү Дональд Трамптын тарапкерлери.
Трамптын биринчи мөөнөтүндө Ак үй «жынысы» деген аныктаманы «биологиялык жынысы» деп чечмелесе, Жо Байдендин администрациясы аны «гендердик иденттүүлүк» деп чечмелеген.