• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мектеп автобустары каттай баштады

11 Бештин айы 202410:29 Бишкек Govori.TV

Буга чейин «Евразия» автономиялуу коммерциялык эмес уюмунан Кыргызстандагы мектеп окуучулары үчүн мектеп автобустары берилгени бир топ жолу маалымдалган.

Аталган уюмдан ушул убакка чейин жалпы 100 мектеп автобустары алынып келинип, алар өлкөнүн алыскы аймактарына берилген.

Ошондой автобус Ленин айылындагы жалпы билим берүүчү В.И.Ленин атындагы мектепке да тапшырылып, «Евразия» коомерциялык эмес уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Кымбат Урумкулова бул Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата белек экендигин билдирди.

Ал эми Достук айыл өкмөтүнүн башычы Гүлкайыр Ниязова Ленин атындагы мектепте жалпы 2 миңдей бала окуурун, алардын көпчүлүгү алыскы айылдардан келерин белгиледи.

Аталган коомдук уюм билим берүү жаатында мектептерди куруу жана оңдоо боюнча иштерин улантаары маалым болду.

Количество просмотров: 167