• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Мектеп директорлорун прокуратура көзөмөлгө алат

4 Бештин айы 201716:09 Бишкек Govori.TV

Ата-энелерден акча чогулткан мектеп директорлору жоопко тартылат. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан уюшутурулган  жыйналышта белгилүү болду.

№ 70 мектеп-гимназиясынын имаратында болгон директорлордун чогулушуна Бишкек шаарынын прокуратурасынын бөлүм башчысынын орун басары М.Турманов, коррупцияга каршы жана мыйзамдардын аткарылуусун көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Д.Парпиев катышты.

Жыйындын жүрүшүндө мектеп директорлору  “ Мыйзамсыз акча чогултуу боюнча билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин  жоопкерчилиги тууралуу” Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун буйругу менен тааныштык деп кол коюп беришти.

Количество просмотров: 38