• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мектеп директорлору төрт багытта окутуудан өтөт

22 Жалган куран 202312:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы мектеп директорлору төрт багытта окутуудан өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүгүн, 22-мартта Чүй облусундагы билим берүү маселелери боюнча көчмө коллегияда билдирди.

Министрдин айтымында, өлкө боюнча 2 миң 500 директор бар. Алар төмөнкү багыттар боюнча окутуудан өтүшөт:

  • азыркы замандагы мектеп директору кандай болушу керек?
  • мектеп директору ар кандай эл аралык коомчулуктан, каржылык институттардын грант алуу үчүн кантип долбоор жазуу керек?
  • ЖРТда кантип жалпы деңгээлди көтөрүү керек?
  • PISA-2025 эл аралык изилдөөсүндө Кыргызстандын беделин көрсөтүү үчүн даярдыктарды күчөтүү.
Количество просмотров: 1613