• Шаршемби 24 Теке 2024
  • Среда 24 Июль 2024

Мектеп директорлорунун ордуна сынак жарыяланды

2 Теке 2024 16:37 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик мектептердин директорлук ордуна сынак жарыяланганын билдирди.

Ага ылайык, талапкерлер 2-июлдан тарта 15-июлдун саат 18:00гө чейин өзүнүн жеке электрондук почтасы аркылуу облустук билим берүү башкармалыгына тиешелүү документтерин жана арызын жиберет.

Убагынан кечиктирилген, толук эмес документтер сынакка кабыл алынбайт. Бир жаран бир гана мектептин жетекчисинин бош кызмат ордуна талапкер боло алат.

Ошол эле учурда бир мектепте 10 жылдан ашык убакыт жетекчилик кызматта иштеген талапкер ал мектептин директорлугуна ат салыша албайт.

Маалыматка ылайык, быйыл 262 мектептин директорунун ордуна сынак болот.

Количество просмотров: 174