Бишкек шаарында алдын ала маалымат боюнча, Алыкулов көчөсүндө жайгашкан мектеп-интернатынын актовый залынан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп жана штаб тартыды. Имараттан болжол менен 600дөй адам эвакуацияланып, тилсиз жоо саат 14:25 чектөөгө алынды. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Такталган маалымат боюнча актовый залдын чатырынын 50 чарчы метри күйүп, түтүн каптаган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.