• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мектеп-интернатынын мугалимдери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды сабаган деп шектелүүдө

26 Бугу 2022 19:01 Бишкек Govori.TV

Беловодск шаарындагы атайын көмөкчү мектеп-интернатында баланын апасы анын денесине залал келтирилгенин айтып, ур-токмокко алынган баланы коркутуп коюшкан деп шектенүүдө. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Баланын апасы бизге кайрылды. Анын айтымында, бала интернатта бир жума жатыптыр. Уулун интернаттан алып кеткенде денесиндеги жаракатты көрүп коркуп кеткен. Ата-энеси интернаттын директоруна кайрылганда ал маселеге көңүл бурбай, орой мамиле жасаган. Интернаттын жумушчуларынын айтымында, бала кулап кеткен. Бирок, алар апасына кабар беришкен эмес. Бул мекеме мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга багытталган. Буга чейин бул жерде дагы бир майыптыгы бар бала кызматкердин зомбулукунан жапа чеккен», — деп жазат Турдубекова.

Количество просмотров: 1794