Бүгүн, 31-майда Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорт аренасында мектеп лигасынын 2021-2022-сезонунун финалдык мелдештери старт алды. Финалдык беттештердин расмий ачылышына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары- Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов жана Мектеп лигасы федерациясынын өкүлдөрү катышты.
Маалыматка ылайык, финалдык беттештер эркектер жана кыздар арасында футбол, волейбол жана баскетбол боюнча өтөт. Мектеп лигасынын алкагында жалпы республиканын баардык аймактарынан, Ош, Бишкек шаарларынан келген 600гө жакын окуучу катышууда.
«Футбол боюнча беттештер Ш.Сыдыков атындагы спорттук колледжде жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын футбол аянтчаларында, волейбол боюнча оюндар Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жана баскетбол боюнча беттештер Кыргыз-Түрк Манас университетинин спорттук аянтчасында жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында өтөт»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мектеп лигасы 2021-жылдын 28-октябрында старт алган. Финалдык беттештер 3-июнда жыйынтыкталып, расмий жабылуу аземи өтөт.