Сузак районунда орто мектептин мугалими окуучу кызды сабап салды. Бул тууралуу видео соцтармакка жарыяланды.
Видеодон мугалим окуучу кызды сабап, кыйкырып урушуп, баласы менен тең экенин айтып жатканын көрүүгө болот.
Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан бул факты боюнча текшерүү иштери жүрүп, анын жыйынтыгында мугалимдин аракетине баа бериле турганы кабарланды.