• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мектеп окуучуларын, коомдук транспорттор 1-сентябрдан баштап, акысыз ташыйт

13 Баш оона 2018 15:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.08.2018.Govori.TV.
 1-сентябрдан тарта өлкөдө коомдук транспортторго жол акы мектеп окучуулары үчүн бекер болот. Мектеп окуучуларын, коомдук транспорттор 1-сентябрдан баштап, акысыз ташыйт. Бул туурасында, Кыргыз республикасынын ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлады.
Басма сөз кызматы билдиргендей, бул макулдашуу жүргүнчүлөр үчүн жол коопсуздугун камсыздоо темасындагы, ЖКККБнын жана компаниялар жетекчилери жолугушуу учурунда чечишкен.
“Балдардын жолдон жаракат алуу коркунучуна, өзгөчө көнүл бурулуп, сүйлөшүү учурунда тараптар “билим күнүнөн”бардык республика аймагында 1-класстан тартып, 11-класска чейин троллейбус, автобус жана маршруттарда, жол акы алынбайт” деп чечишти»-деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Мындай иш-аракеттер ЖКККБнын кызматкерлери жана коомдук транспорттордун айдоочулары тарабынан, балдардын жолдоо жүрүү коопсуздугун камсыздоо үчүн жүргүзүлгөнүн билдиришти.
Количество просмотров: 20