• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мектеп окуучуларын 11-класска чейин окууга милдеттендирүү сунушу айтылды

26 Жетинин айы 202014:18 Бишкек Govori.TV

Жаңы Конституцияга мектеп окуучуларын 11-класска чейин окууга милдеттендирүүнү киргизүү сунушталды. Мындай сунушту бүгүн, 26-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйынында кеңешменин мүчөсү Каныбек Осмоналиев берди.

Осмоналиев азыркы тапта Европа мамлекеттери да билим берүү системасын ушул багытта өнүктүрүүгө аракет жасап, ал эми Жапонияда жогорку билим алууну милдет катары аныктоо сунуш кылынып жатканын белгиледи.

«Жаңы Конституцияда мектеп окуучуларын 11-класска чейин окууга милдеттендирүү керек. Ошондо ата-энелер милдеттүү экенин билишет», — деди Осмоналиев.

Количество просмотров: 4836