• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Мектеп окуучуларынын күзгү каникулу качан башталат?

2 Жетинин айы 2021 15:32 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 8-ноябрда башталып, окуу 15-ноябрда уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-2022-окуу жылында мектеп окуучулары үчүн каникул мезгили, 5 күндүк окуу аптасын эске алганда, 29 календардык күндү түзөт.

  • Күзгү каникул – 7 күн: 2021-жылдын 8-ноябрынан 14-ноябрына чейин, сабактар 2021-жылдын 15-ноябрынан башталат.
  • Кышкы каникул – 12 күн: 2021-жылдын 31-декабрынан 2022-жылдын 11-январына чейин, сабактар 2022-жылдын 12-январынан башталат.
  • Жазгы каникул – 10 күн: 2022-жылдын 21-мартынан 30-мартына чейин, cабактар 2022-жылдын 31-мартында башталат.

Кошумчалай кетсек, 2021-2022-окуу жылында менчиктин бардык типтериндеги жана формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.

Теги:
Количество просмотров: 2831