• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

1-класстын окуучуларына бир жумалык кошумча каникул берилет

5 Бирдин айы 202511:42 Бишкек Govori.TV

2024-2025-окуу жылынын үчүнчү чейрегинде 1-класстын окуучуларына бир жумалык кошумча каникул берилет.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарындагы мектептердин 1-класстары 10-февралдан тартып каникулга чыгышат.

Ал эми өлкө аймактарындагы мектептер райондук билим берүү башкармалыктары менен биргеликте каникулдун так датасын аныкташат.

Белгилей кетсек, 1-класстын окуучуларына бир жумалык эс алуу Билим берүү жана илим министрлигинин базистик окуу планы боюнча берилет.

Количество просмотров: 330