• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мектеп окуучуларынын жазгы эс алуу күндөрү белгиленди

13 Жалган куран 202413:56 Бишкек Govori.TV

Мектеп окуучуларынын жазгы эс алуу күндөрү 21-марттан тарта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, балдар мектепке 1-апрелде кайтат. Быйыл 21-март — Нооруз майрамы бейшембиге туура келет.

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин демилгеси менен 22-март дем алыш, ал эми анын ордуна 6-апрелде иш күн деп жарыяланган.

Жыйынтыгында келерки жумада 21-марттан тартып 24-мартка чейин төрт күндүк эс алуу болот

Количество просмотров: 1103