• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мектепке такыр барбаган 9 жаштагы бала жеке мектепке жайгаштырылды

22 Баш оона 2022 8:59 Бишкек Govori.TV

Мектепке такыр барбаган тогуз жаштагы бала жеке билим берүү мекемесине жайгаштырылды. Бул тууралуу «Балдар укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова өз баракчасына жазды.

«Жеке мектептин жетекчилиги баланы акысыз окууга чакырды. Ал имаратты кыдырып, аябай кубанды. Ал абдан акылдуу. Мындай жакшы шартта бала шаардын мыкты окуучусу болору шексиз», — деди укук коргоочу.

Назгүл Турдубекова ошондой эле балага жардам берип, анын мектеп буюмдарына, эмеректерге, оюнчуктарга, бут кийимдерине акча которгондорго да ыраазычылык билдирди.

Количество просмотров: 103