• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мектептеги коррупцияны айтып жаткан окуучу кызды депутаттар ыйлатты

21 Жетинин айы 2019 11:16 Бишкек Govori.TV

20-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына, Кыргызстандын келишимге кошулганынын 25 жылдыгына арналган парламенттик сессия өттү. Анда окуучу кыз өзүнүн мектебиндеги медайымдын балдарга салган уколу үчүн акча алып жатканын айткан. Кичинекей кыздын мындай сөзүн, угуп жаткан залдагылар күлүп, кол чаап жиберишкен. Мындан улам кыз сөзүн жыйынтыктай албай калып, ыйлап жиберген.

Кошумчалай кетсек, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары катышты, өлкөнүн баардык аймактарынан келген 25 бала, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, эл аралык жана жергиликтүү коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда балдар чек ара, экология, балдардын коопсуздугу, жакырчылык, жөлөк пул жана башка маселелерди көтөрүштү.

Количество просмотров: 2327