• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Мектептеги окуучулардын тыгыны». №29-гимназиясынын жообу

6 Аяк оона 2022 15:43 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактын Жылдыз Бекбаева аттуу колдонуучусу Бишкектеги №29 гимназияда тартылган видео менен бөлүшүп, мектеп кургулачы деген билдирүү калтырган.


«Балдарыбызга убал эле болду. Мектеп салгылачы айланайындар, мектеп! Балдар мектептерге батпай калды. Класстарда 45-50дөн окуучу, партада шпрот болуп тыгылып төрттөн отурушат. Балдар кысылып отуруп кантип жазат, кантип окушат?» — деп суроо салды колдонуучу.


Бүгүн Govori.TV нын жамааты маселе менен жеринен таанышып келди. Аталган мектепте чындыгында эле класстардын жетишпегени анык. Анткени 550 окуучуга ылайыкталган билим уясынан учурда 3500 окуучу билим алууда.


Бактияр Кадыров №29 гимназия мектебинин директору жана орун басары Махабат Тердикбаева жогорудагы жагдай тууралуу пикирлерин билдиришти.


Мектептин жетекчилиги мындай маселе бир эле 29-гимназияда эмес, борбордогу бардык мектептерде бар экенине токтолду.


Буга себеп, ички миграция өсүүсү дагы себеп болууда. Ошондой эле учурда Орусиядан мекенине кайтып келген жарандардын балдары дагы бул жылы басымдуулук кылууда. Мындан улам шаардын борбордук бөлүгүнө мектептерди куруу талабы курчуп турганын айтышты.

Количество просмотров: 2151