Мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты быйыл да онлайн форматта өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, быйыл окуу жылы 25-майда аяктайт. Бул күнү мектептерде салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлбөйт.
«Республикадагы эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынгандыгына байланыштуу 25-майга карата салтанаттуу иш-чаралар онлайн форматта өткөрүлөт. Бишкек, Ош шаарларынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери 25-майда окуу жылы аяктагандыгына байланыштуу онлайн режимде бүтүрүүчүлөр менен мектеп администрациясынын, класс жетекчилердин, мугалимдердин куттуктоолорун уюштурушат. Онлайн форматта өткөрүлүүчү «Бүтүрүүчү — 2021″ иш-чарасынын программасы жана аны өткөрүү шарттары министрликтин буйругу менен бекитилген жана бардык билим берүү уюмдарына таратылган. Белгиленген талаптарга жооп берген видеоматериалдар 25-майда эртең мененки саат 10.00дон 12.30га чейин Илим-билим каналынан көрсөтүлөт»,-деп айтылат маалыматта.