• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мектептерде кайрадан окуучулар үчүн бирдиктүү форма киргизилет

25 Теке 202216:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мектептери кайрадан окуучулар үчүн бирдиктүү форма киргизилет. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Бирдиктүү (милдеттүү) форма мурунку жылдары коронавирустук пандемияга байланыштуу жокко чыгарылган.

«Биз акырындык менен бирдиктүү мектеп формасына кайтышыбыз керек. Билим берүү жана илим министрлиги классикалык версиясын сунуштайт — үстү ак, асты кара», — деди Жусупбекова.

Количество просмотров: 7530