Кыргызстандын мектептерин китеп менен камсыз кылуу үчүн тиешелүү иштерди аткарып жатабыз. “Учкун” басмаканасынын директору Бакытбек Султанов билдирди.
Анын айтымында, 2-3 жыл аралыгында китеп тартыштыгы боюнча маселе чечилет.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 352 “Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын “Учкун” ачык акционердик коому даярдайт. Ал үчүн атайын жаңы техникалык каражаттар алынган. Жаңы жылга чейин 1 миллион китеп басып чыгарып беребиз»,-деди ал.