Мектеп окуучулары өздөрү окуган класстардын, парталардын тазалыгына өздөрү көз салып, жууп-тазалашат. Тиешелүү жарлык Билим берүү жана илим министрлигинде кабыл алынды.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мекеменин Фейсбуктагы баракчасында билдиргендей, бул балдарды тазалыкка жана жоопкерчиликке тарбиялайт.
«Муну балдарды эксплуатациялоо деп түшүнбөө керек. Мындай чечим окуучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу, башкалардын эмгегин сыйлоого үйрөтүүгө багытталган. Балдар өздөрү отурган партасын, окуган классын, а түгүл пайдаланган ажаткананы да тазалыкта кармап, камкор мамиле жасоого милдеттүү», — деди министр.