• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Мен фейк эмесмин”. Ак үйдүн алдында митинг өтүп жатат

25 Кулжа 2020 11:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин алдында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы митинг өтүп жатат.

Акцияга чыккандар колдоруна «Баш кесмей бар, тил кесмей жок», — деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турганын көрүүгө болот. Ошондой эле алар “Гүлшат Асылбекова, мен мыйзамга каршымын, бирок мен фейк эмесмин” деп кыйкырышууда.

Жарандык активисттер «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун сөз эркиндигине карата басым катары баалашса, социалдык тармактарда бул мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу сунушталууда.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорун бүгүн Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда карайт. Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова.

Количество просмотров: 108