Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ала-Тоо 24 каналына маек берип, троллейбустарга түшкөндөр былтыркыга караганда азайганын жана жол тыгынын чечүүдө троллейбус маселе жаратып жатканын, анын линиялары да шаардын көркүн бузуп жатканын айтыптыр. Ошондой эле жол тыгынын чечүүдө коомдук транспорттордун маршруттарын өзгөртүүгө аргасыз болгон жагдайлар жаралып калганда троллейбустун маршрутун өзгөртүү оорчулук жаратат. Ал электр линиясы жок жүрбөгөндүктөн багытын башка жакка бура албайсың. Автобусту каалаган көчөгө багытын өзгөртсөң болот. Ошон үчүн троллейбстарды электробустарга алмаштыруу керек. Бирок, коомчулукта троллейбус эң арзан коомдук транспорт жана бул күйүүчү майга муктаж эмес деген пикирлер айтылууда. Бул туура эмес түшүнүк. Күнүгө 110-115 троллейбус каттамга чыгат. Аларга жергиликтүү бюджеттен каралып жаткан субсидиянын көлөмү 205 млн. сомду түзөт. Ал эми 1200 автобуска каралган субсидиянын көлөмү 638 миллион сом. Айрымдар айтып жаткандай троллейбус анчалык деле арзанчылык жаратып жаткан жери жок деген оюу менен бөлүшүптүр. Ошондой эле 80 миллион долларга алынып жаткан 1000 автобусту толук келип, колдонууга берилсе троллейбустарга болгон таңкыстык да азаят дегендей ойду кыйытыптыр.