• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мэр: Бишкек Борбор Азиядагы эң кооз шаарга айланат деп ишенем

29 Чын куран 2022 12:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаары Борбор Азиядагы эң кооз шаарга айланат деп ишем, буга мүмкүнчүлүк бар. бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

«Борбор калааны сөзсүз өнүктүрушүбүз керек. Бишкектин ардактуу атууладары менен кеңештим, алар дем берип жатат. Калаа Борбор Азиядагы эң кооз шаарга айланат деп ишенем, буга мүмкүнчүлүк бар. Бишкектин эң кооз шаарга айлануусу элден да көз каранды. Мен тургундарга кайрылат элем, тазалыкты, жашылдандырууну ар бирибиз өз үйүбүздөн баштасак. Ошондо Бишкек гүлдөгөн шаарга айланат» , — деди мэр.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарынын 144 жылдыгы белгиленип жатат. Майрамга карата шаар бийлиги бир катар маданий, спорттук жана башка иш-чараларды уюштурду.

Количество просмотров: 504