• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жогорку Кеңеш Бишкек мэрин кызматтан алуу боюнча Жапаровго сунуш киргизет

16 Бештин айы 202210:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровду кызматтан алуу боюнча президент Садыр Жапаровго сунуш киргизет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында белгилүү болду.

Бул демилге Элмурза Сатыбалдиев тарабынан көтөрүлдү. Тиешелүү токтомду 66 эл өкүлү колдоп, каршы эч ким чыккан жок.

Айрым эл өкүлдөрү белгилегендей, мэр борбор калаадагы түтүн, таштанды, башаламан имараттардын салынышы боюнча көйгөйлөрдү чечүү үчүн тийиштүү чараларды көрбөй жатат.

Количество просмотров: 262