• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мэр: Таңга маал шаар кыдырам

15 Бештин айы 2022 13:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-декабрда Бишкек жана Ош шаарындагы ыш маселесин чечүү жолдору талкууланып жаткан жыйында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров депутаттын суроосуна жооп берип жатып, таңкы саат төрттө шаарды кыдырарын айтты.

«Эртең менен саат төрттө суу себүүчү машиналар ишке чыгат, саат беште көчөлөр шыпырыла баштайт. Мен алардын кээ бирлери менен жолугам, спорттук форманы кийип алып. «Эмне проблема болуп жатат, канча айлык алып жатасың, жетекчиң кандай болуп жатат? деп сөзсүз сурайм» , — деди Абдыкадыров.

Белгилей кетсек, парламент жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова, Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров, саламаттыкты сактоо, ички иштер, энергетика министрлери жана башка мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

Количество просмотров: 150