• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Мэр: Ош базарды көчүрүү долбоорун жазында ишке ашыра баштайбыз

4 Аяк оона 2023 10:07 Бишкек Govori.TV

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров «Ош» базар шаардын тышына көчүрүлөрүн билдирди.

«Кудай буюрса, бул долбоорду жазында ишке ашыра баштайбыз. «Ош» базарындагы ири соода комплекстеринин ээлери буга каршы эмес. Базарды көчүрүү экономикалык жактан пайдалуу. Негизи эле бардык өнөр жай базалары менен объектилерди шаардын тышына чыгарыш керек. Ошондо шаарыбыз жашыл, кооз болот. Садыр Жапаров бизди колдоп, туура жолдо баратканыбызды айтты», — деди мэр.

Количество просмотров: 93