Бишкек мэриясы шаар тургундарын таштандыны кечки саат жетиден түнкү он экиге чейин алып чыгуу керектигин эскертти. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиевдин кайрылуусу мэриянын расмий баракчасына жарыяланды.
Анда айтылгандай, шаарда таштанды контейнерлери түн ортосунан тарта таңкы саат 5-6га чейин бошотулат.
“Көп адамдар таштандыны эртең менен жумушка баратканда же күнү бою алып чыгышат. Анан кечинде таштанды контейнерлери толуп, таштандылар жолго төгүлө баштайт. Мындан улам шаар тургундарын таштандыларды кечинде гана алып чыгууну суранабыз. Таң атканга чейин “Тазалык” ишканасынын жумушчулары таштанды контейнерлерин бошотуп тазалашат. Күндүз таштанды ашыкча толтурулбай, тазалыкты сактоого шарт түзөт”, — деди мэр.