Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо боюнча иштер уланууда. Тазалоо иштери Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында жүргүзүлдү.
Рейддин жыйынтыгында көлдүн түбүнөн болжол менен 760 килограммга жакын ар кандай тиричилик таштандылары чогултулуп, жээкке чыгарылды.
Таштандылардан тышкары чөгүп кеткен бир катамаран табылып, ал дагы жээкке сүрүлүп чыгарылды.