Ички иштер министрлиги Өзгөчө абал учурунда коммуналдык кызматта иштегендерге жана ыктыярчыларга жолдо жүрүүгө өткөрмө кагаз алып бергенге жардамдашканы үчүн мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетовадан түшүндүрмө берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу Алмамбетова 24.kg агенттигине билдирген.
Алмамбетованын айтымында, бир дагы пропуск жөнү жок берилген эмес.
«Өткөрмө кагаздар дарыгерлерди жумушка алып келген жана кайра алып кеткендерге, муктаждарга тамак-аш ташыган ыктыярчыларга берилген. Бир дагы уруксат кагаз башкача жол менен берилген эмес»,-деп билдирген Алмамбетова.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарында өзгөчө абал шартында уруксат кагазын сатууга байланыштуу шек саналып, Октябрь райондук милициясынын кызматкеринин жетекчилигине карата кызматтык иликтөө башталган эле.